jump to
11 марта 2019, 12:27

Айып пулдун каттары келе баштады

 

12-февралдан бери ишке кирген “коопсуз шаар” долборундагы биринчи фазасы тест режиминде иштей баштаган. Анын алкагында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн он кесилишине камералар орнотулуп, 17 станционердик, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлган. Айрым оңдоп түзөөлөргө байланыштуу 4-мартка чейинки катталган 20 миңден ашуун эреже бузуунун айып пулу кечирилген.

Эми минтип убакыт сааты келип, жол эрежесин бузган автоо унаа ээлеринин үйүнө айып пулдун каттары келе баштаганы тууралуу жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Эми эл муну кандай кабыл алат болду экен. Айткандай көчө тар болуп, өзгөчө маршурутка айдаган айдоочулардын нааразычылыгын күчөтпөсө болду. Айтмакчы элди аядамадан алуу керек экени да эскертилген, бирок шаардын көчөлөрүндөгү кээ бир аялдамалар өтө алыс болгону элдин кыжырын келтирүүдө. Алсак Киев көчөсү менен Калык Акиева көчөсүнүн кесилишинде аялдама бар анан Военторгго чейин аялдама жогу эле бир чоң мисал. Ушул жагын дагы эске алса болмок деп айткан айдоочулар өздөрүнүн талабын коюшууда. Айтмакчы “көч бара –бара түзөлөт”демекчи, акырындык менен баары жолго коюлат чыгар.

 

 

 

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter