jump to
11 марта 2019, 13:58

Мэриянын аппарат башчысы 8-марттагы жүрүш тууралуу: Коомубуз кайда баратат деп ичиң күйөт

 

Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев 8-мартта өткөн жүрүш тууралуу өз оюн билдирди.
Facebook тармагындагы жеке баракчасы аркылуу ал шаар жашоочуларына кайрылып, мэрия бул көйгөйдү чечүүгө бардык аракетин жумшап жатканын билдирди.


"Ойлоно берип чач агарды. 8 марттан бери уйку жок. Миллиондук шаарды караш, ага кызмат кылыш чооң түйшүк. Бир жагын тартсаң бир жагы калат. Мектеп салам десең, бала бакчасы калат. Жолду баштасаң, канализация калат.Кантип акча таап элдин жүгүн жеңилдетебиз деп жатсак бул митинги чыкты. Мэрия мунун укуктук жагынан кай жагында болдук экен деп ойлонгуча төө бастыга калдык.
Ой журт күнөөбүз болсо мейли жазабызды бергиле",- деп жазган Түлөбаев.


Ошондой эле ал жүрүш тууралуу жеке оюн айтып, улуттук баалуулуктар үчүн ичи күйүп жатканын жазып өткөн.

 

"Бир чети ичиң күйөт. Коомубуз кайда бара атат деп. Улуттук баалуулуктар кайда калды деп. Мыйзамды жазып атканда кыргыздын салт санаасына, үрп адатына, кылымдардан келген жашоо маңызына карап жазса. Мындай болбойт эле. Бул мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү оңдоо, турмуштун, элдин талабы. Келечекте чоң чатактарга бөгөт койот. Жан үрөп иштей беребиз. Күчүбүз да билимибиз да жетет. Туура түшүнүү болсо",- деп жазган ал.

 

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter