jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
11 марта 2019, 15:29

Кыргызстанда 112 диний окуу жай бар экен

 

Кыргызстанда 112 диний окуу жай бар экен

 

Ислам багытындагы окуу жайлардын саны өлкөбүздө ого эле көп экени айтылып, ар тараптуу талашка жем таштады. Орто Азия боюнча диний окуу жайдын көптүгү боюнча лидери болуп биздин өлкө табылыптыр.

Айткандай Кыргызстанда 112 окуу жайы бар болсо анын бирөө ислам университети, 9 иниститут, 102 медресе бар. Ал эми Казакстанда 13 диний окуу жай, 34 миллион калкы бар өзбекстанда 11, Тажикстанда 1 гана диний окуу жайы бар экени айкын болду.

Айткандай медереседе окугандарга эч кандай документ берилбейт экен. Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, дин жагынан билим алган жарандар эмне кесиптин ээси болуп чыгат?-деген суроо дагы ыңгайсыздыкты жаратып жаткансыйт. Айткандай эле динге берилген жаштардын тарбиясы төмөн болуп, улууларды сыйлабай, өздөрүн акылдуу сезип акыл айткан кездери да кездешет. Макул, билим алсын, бирок алар эмне иш кылышат? Андыктан бир эле дин жагына басым жасабай колдон келе турган ишти жасай тургандай кесип алып коюшса кандай болот?-дегендер да чыкты. Ушул жагын эске алган кимдир бирөө бар болду бекен? “Дин” деп жүрүп башка жагынан аксап калбасак болду деп да айтып жаткан жарандар да бар. Андыктан бир багытта эле ой жүгүртпөй, ар тараптуу иш кылган жемишин береби деген гана кеп. Чоң окуу жайды аяктагандар иш таппай жүргөн кезде, диний мектептерди бүткөндөргө кайдагы иш.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter