jump to
11 марта 2019, 17:49

Төрага төрдү кимге берет?

 

Төрага төрдү кимге берет?

 

 

Кээ бир имиш кептерге караганда төрага ордунан козголгону калган түрү бар. Ооба, кызмат менен байлык колдун кири, бирок мансаптын таттуулугу менен кадыры кимди гана азгырбайт. Азгырык бардык адамдарды өзүнүн чөлкөмүнө азгырат. Кызмат менен байлыктын даамы абдан таттуу экенин билип калган киши оңой менен орунду бербейт. Ошол себептен Дастан мырза спикерликти оңой менен бербеси да чын. Анткен менен депутаттар ар тараптуу сөздөрдү айтып, “орунду бошот” дегенге чейин барганына караганда төр алагык кресло бирөөнө керек болуп калгандан белги бергенсип калды.

Айткандай учурда кандайдыр жагымсыздык Жогорку Кеңеште пайда болгонун танып да болбойт. Аз убакыт илгери эле Асел Кодуранова жылуу ордунан козголгон, эми минтип кезек төрагага келип калганы кандайдыр бир келишпестиктен белги бергенсийт. Чынын айтканда Дастан мырза азга жаштык кылып коюп жатканын да эске алган жөндүү. Бул кызматка кимдер гана келбеген, кимдер гана кетпеген. Андыктан Дастан мырза азыраак сабыр кылып, күтө турууну да ойлоп жаткандай түр көргөзүүдө. Кыскасы, жөн жерден “орунду бошот” деген сөз айтылчу эмес эле, ушул жагын да эске алган жөндүү. Төрагалык орун кимге бошойт, ал азырынча белгисиз, балким өзү калып калат чыгар.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter