jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
12 марта 2019, 12:09

Рита Карасартова акчага сатылганбы?

 

Рита Карасартова акчага сатылганбы?

 

8- мартта болгон жүрүштүн ана башында жол баштап жүргөн Рита Карасартова “батыштын акчасын алган” деп айтып чыгышты. Болбосо кызтекелерди ээрчип, элге жаман көрүнбөйт эле. “Аялдын чачы узун, акылы кыска” деп айтылгандай, улуу элибиздин салтында жок жолго баскан “көгүштөрдүн” талабын талашып, топтогон кадырына доо кетирип алганы ириде айтылгандай акылдын кыскалыгынан белги берди.

Бирок акча маселеси азыр адамдын баркынан да артык туруп калганы жалпы журтка маалым. Эгер Рита айымды акча азгырбаса же азыраак акылы болгондо, алиги туура эмес багытта жазылган плакаттарга каршы чыгып койсо болмок. “Чай куюш аялдын милдети эмес” деген ураандын артында эмне деген сөз жатат. Аял чай куюп бербегенде ким куюп берет. Ар ким өзүнүн ишин билиш керек да. Кызтекелердин сөзүн уксак, анда аялдар турмушка да чыкпай, бала да төрөбөй “эне” деген улуу атка да татыктуу болбош керекпи? Ааламды аял сактап турганын эске алган жөндүү. Улутубуздун улуулугу кайда? Ооба, буга чейин өлкөсүн, адамдык сапатын, мекенин акчага саткандар болгон. Бирок ачык-айкын, көз-көрүнө саткан адам болгон эмес. Балким Рита айым кызтекелердин сөзүнө кирип кетип, эми гана туура эмес иш кылып алганын ойлонуп, өкүнүп жаткан чыгар.

 

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter