jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
12 марта 2019, 15:57

Нарындын губернатору убадасын качан аткарат?

 

Нарындын губернатору убадасын качан аткарат?

 

 

Көп жылдан бери Нарын облусунун губернаторлук кызматын менчигиндей басып жаткан Аманбай Кайыповдун дарегине көп эле жагымсыз сөздөр айтылып келе жатат. Бирок бышык-кулак болуп калган Аманбай мырза былк этип да койгон жок.

Айткандай былтыр айтып жаткансыган эле, убада берип “Нарын облусу мал киндиктүү жер, андыктан малдын этин Түркияга экспорттойбуз, сөз бекиди” деп убада кылгансыган. Атаганат, кана ошол убада өтөсүнө чыкса болбойт беле... Эгер этти Туркияга экспорттоп калсак, анда Нарындагы карапайым элге жакшы болбойт беле. Азыр малдын этинин пайдасын ортомчулар эле көрүп жатат, шаарга алып келип сатып.

“Жакшы элин коргойт, жаман элин тонойт” дегендей, элин тоноп качып кеткендерге сабак болуп, үлгү көргөзүп, Аманбай мырза эки-чылбыр, бир тизгин колунда турган кезде элге жарыгын тийгизип, ойдо жок ишти жасап, пайдасын көрсөк кана атаганат, анда “Ат-Башынын уулу” деп көпкө айтылып калбайт беле... Айтылган убаданы Аманбай мырзага окшогон байлар жетим калтырганы акыркы кезде адатка айлангансып да бара жаткансыйт. “Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсун” деген макалдын да баркы кетти.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Erke
1 комментарий
  • Кады
    Кана ошол берилген убадалар аткарылып орундалса Нарындын чыгаан кулундары аткарбаган убадаларды,башка жактан келип аткарышабы

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter