jump to
13 марта 2019, 12:31

Депутат Жылдыз Мусабекова эмнеге ачууланды

 

Депутат Жылдыз Мусабекова эмнеге ачууланды

 

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары 8-мартта Бишкек шаарында болгон аялдардын митинги тууралуу күч органдарынын маалыматын укамай болду.

Мындай чечимди парламент жалпы жыйында кабыл алды.

КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова ачуулу үнү менен кайрылды:

-Бул митинг Кыргыздын, улутубуздун уңгусуна балта чаап, жаңы өсүп келе жаткан жаш муундарга тескери таасир берген митинг болду. Бул митингди кимдер эмне максат менен, кимге каршы уюштурганын далилдеп, так жооп бергендей болушсун. Бүгүн палатага УКМКнын жана ИИМди чакырып,болуп өткөн митингге баа берип, азыртан териштирип, мындай кылыктарга чара көрбөсөк кийин кеч болуп калат –деп талапты катуу койду.

 

Депутат Жылдыз Мусабекова эмнеге ачууланды

Бишкек, 8-март 2019-жыл

 

Ооба, эми биздин А.Акаев айткан жалпы үйүбүзгө ушул эле маселе жетпей турду эле. Ар кандай дин агымдары агылып кирип, жаш муундардын аң сезимин талкалап бүткөнү аз келгенсип, эми минтип аялдардын “өз денеме өзүм ээ, аялдар чай куюп бергенге милдеттүү эмес” деген ураандарды чакырып, көчөгө чыкканы улуттун улуулугун тебелеп, батыштын тескери саясатына ачык эле үндөп жатканы экенин ким жаап жашыра алат. Ансыз деле бетти чүмкөп, кара кийинген аялдардын жоругу, денесин ачып абараты менен мактанып калган дагы аялдардын жоосун жоругу аз келгенсип, ойго келбеген нерсени ачыкка алып чыкканы бул биз сыйлаган, назик туткан аял затынын чектен чыгып бара жатканы экенин тана алабыз. Качан кыргыз кызы же келини ириде айтылган ишке кадам таштады эле. Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева баш болгон үлкөндөр баштап чыккан бул митиг канча жарандын ачуусун келтирди. “Ишенген кожоң сууга акса, алды - адынан тал карма” дегендей, биз ишенген Роза Отунбаева “койгула” деп койгонго жарабаганы эмне деген сөздү ичине камтыйт. Кыскасы, аялдардын митинги чоң чырдын чыгышына жем таштап, катуу талашты пайда кылмай болду. Андыктан бул митингди уюштургандар сын-пикирге кабылып “аялдын чачы узун, акылы кыска” деген макал туура эле айтылгандан белги бергенсиди.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров
Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • джума
    из-за таких как эта мырка у нас страна дегенератов как ее сын и она сама страна мамбетов она олицетворение во что могут наши дети вырастить если не взяться за образование и культуру наших детей

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter