jump to

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 8-марттагы митингди парламентте талкуулабай коюуну сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, парламент бул көйгөйдү талкуулоо менен пропаганда кылып жатат.

 

"Ачыгын айтканда бул маселени талкуу кылсак уят болот. Жогорку Кеңештен кайрылбастан, башкача көңүл бурсак болот. Эгерде Европа өлкөлөрүндө бул стенограмманы көрсөтүп, депутаттар баса белгилеп талкуулап жатканын айтса, эл аралык деңгээлде уят болобуз. Эки-үч күн өтсө эл унутуп калмак. Биз өзүбүз пропаганда кылып жатабыз",-деди депутат. 

 

Депутаттын сунушу көпчүлүктүн колдоосун тапкан жок.

Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter