jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
13 марта 2019, 17:54

Оорукана ден-соолук базарына айландыбы?

 

Оорукана ден-соолук базарына айландыбы?

 

Тээ илгертен бери айтылган кеп бар эмеспи «милиция менен ооруканадан алыс бол» деген. Ансыңары ден –соолук сакчылары дагы акчага азгырылып, берген анттарын уруп ойнобой байлык кубалап, пайда көрүнүн амалын кылып калышканын азыр жаап-жашырууга деле болбой калды.

Аны ачык айткан менен учурда ак халатчандардын акча талап кылган иштерин токтотууга болбой калды. Анын себеби көнгөн адат эч качан калбайт эмеспи.

Ар бир ооруканага бар, баары барып эле сөзсүз акчага барып такалат. Жок дегенде эле дарыга акча сураган бул негизги маселе. Ал эми операция өңдүү хирургдардын колу тийген ишти сөзсүз акча коштойт. Бул көнүмүш адатка айланган.

Айткандай сөзбүбүз супсак болбос үчүн Бишкек шаарынын ооруканаларынын биринде эки күн жакынын карап жаткан Таалайгүл Усенбаеванын айткандарына токтолсок.

Кирип бара жатканда эле бахилага акча. Ар бир кишинин ийне сайганына спирттен бери алып берип, акыры операция кылган врачтын колун майлоо. Наркозго акча берүү-деги эле майда-барат акчалар билинбей кетип, чөнтөккө күч келээри белгилүү иш. Андан дагы оорулуну караган мед айымга көңүлүн алуу үчүн чөнтөгүнө акча салуу керек. Болбосо харектерин көргөзүп, токол аялдын баласындай кодулашы, толук мүмкүн экенине байкоо салган.

Кыскасы, мамлекетке караган оорукана менен жеке менчик ооруканаладын ала турган акчасы бирдей эле экени, андан дагы мамлекеттик ооурканаларда шарт жок экенин баамдаган. Андыктан оорукана ден-соолук базарына айланып, кээ бир акчасы жоктор каралбай калып, ажалынан мурда кетип калышы толук мүмкүн экенин жашырууга болбойт. Кыскасы, коррупцияга керек болсо ак халат кийген врачтардан тартып, мед айым, санитаркаларынан бери малынып, алганга көнүп бүткөнү айкын болгонун жашырганда эмне. Анткени аны көз менен көрүп турган

менен ачык айтуу абдан опурталдуу. Себеби, баары барып эле ак халатчандардын колуна түшөрү анык эмеспи. Андыктан “ак халатчандар силердики туура” деп гана актап коё туралы. Айткандай саламаттыкты сактоо министри кымбат машинасын айдап алып, ооруканаларды кыдырып турса, мынчалык жем корлук болбойт беле деген гана кеп.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Banner
1 комментарий

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter