jump to
14 марта 2019, 14:59

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан айылда 300дөй тажик жараны чогулган. Алар кыргыз тарап күнөөлүү экенин айтышат

 

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан айылда 300дөй тажик жараны чогулган. Алар кыргыз тарап күнөөлүү экенин айтышат

Фото:Kaktus.media

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр Тажикстандын Ворух айылынын аймагында жургүзүлүүдө. Бул тууралуу Ворух айылынын тургуну Kaktus.media сайтына айтып берген.


Анын айтымына караганда, учурда 200-300гө жакын адам сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чек аранын жанында чогулуп турат.


"Сүйлөшүүлөргө Тажикстандын Согдий облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле Кыргызстандын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышып жатышат",-деп билдирген жергиликтүү тургун.


Чогулган эл тароодон баш тартып жатышат. Жергиликтүү тургун кошумчалагандай, алар жаңжалдын башталышына кыргыз тарапты күнөөлөп жатышат.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter