jump to
14 марта 2019, 15:18

КТРКага Мотуевдин каргышы тийгенби?

 

КТРКага Мотуевдин каргышы тийгенби?

 

КТРКанын кызматкерлери үч-төрт айдан бери айлык акыны ала алышпай, жол киреге акча жок, банкатан алган кредиттерин төлөй албай, абалдары мышык ыйлай турган абалда экенин өздөрүнүн фейсбуктагы баракчаларына жазып чыгышты.

“Кыйратып – жыргатып жатабыз” деген телеканалдын жетекчилеринин айткан кептери теңирден-тескери чыгып, абийирлери ачылып, калп айткандары минтип ачыкка чыгып калды.

Айткандай буга көз боло турган Жыпар Жекшеев баш болгон билермандар эмнеге бул маселеге көңүл бурушкан эмес.

Абакта жаткан кыргыздын Жириновскийи аталган айтылуу Нурлан Мотуев «Мен КТРКанын кызматкерлерин каргап, кара дуба окутуп койгом, бул көрүнүш эч нерсе эмес, силер көрө турган көргүлүк дагы алдыда» деп табаа кылып өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Бул жерден чын эле Нурлан мырзанын каргышы кабыл болгонбу же жетекчи Карыпбеков «баары бир кетем» деп айлыкка бөлүнгөн акчаны «ап» эткизип алганбы, ал азырынча тактала элек. Айта турган кеп, Нурлан мырзанынын ачуусуна кабылбай жүргүлө дегенибиз туурабы же билермандар айлыкты өз убагында бергиле дегенбизи туурабы учурда ачыгын билбей турган кезибиз. Кыскасы, КТРКанын кызматкерлери айлык алыш үчүн Нурлан мырзадан кечирим сурап, алдынан өтүп койбосоңуздар болбойт го, дагы бир балээсине калбай.

 

 

 

Бердикожо Бийназаров

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter