jump to https://bit.ly/2UlpJnf /

 

Кыргыз-тажик чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын маалыматына таянсак, октор Тажикстандын Ворух анклавы тараптан атылган. Атылган октон улам бир милиция кызматкери жабыр тартканы, ал ооруканага алынып кеткенин кошумчалашты.

Мамлекеттик чек ара кызматы абал курчуп кеткенин ырастап, октор эскертүү катары атылганын маалымдады. Жарадар болгон адам тууралуу маалымат учурда такталып жатканын мекемеден билдиришти.

Мамлекеттик чек ара кызматы 14-мартта түшкө чейин билдирүү таратып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу турукташып калганын билдирген болчу.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter