jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
15 марта 2019, 11:33

Тажикстандагы элчи Ж.Рустенбеков эмне кылып жүрөт?

 

Тажикстандагы элчи Ж.Рустенбеков эмне кылып жүрөт?

 

Кечээ Баткенден чыккан чырды басып келүү үчүн вице премьер министр Жеңиш Разаков барганы менен эч натыйжа чыкпай, ок атуулар болуп, бир милиция кызматкерине ок жаңылып, жолдор ачылбай абал кыйын бойдон турганы маалым болду.

Ооба, бул маселе көптөн бери кайталанып келе жатканы жана бир айдан бери тынчтык болбой жатканын жергиликтүү калк кан какшап айтып, “чыр ырбап кете электе келип алдына алыш керек болучу” деген ойлорун айтышты.

Айткандай чырдын чыгышына дагы да болсо Тажик жарандары себеп болгон. Алар жолдун курулушуна каршы чыгып, көптөн бери ыдык көргөзүп келгенине жергиликтүү жетекчилер эч чара көрө алышкан эмес. Айткандайй Тажикстандагы элчи Жаныш Рустенбеков ал жакта эмне кылып жүрөт?-деген суроого эч ким жооп таба албайт. Мындай чырды албетте элчи чечиш керек болучу. Бийликтин акырынан жем жеп көнгөн Жаныш мырза ушул кезде бир керекке жарап, элчилик милдетин аткарып койгондо, вице премьер министр убара болуп бармак да эмес, Баткенде чыр чыкмак да эмес эле. Кыскасы, Рустенбековдун “элчи” деген гана аты болбосо, “эмне иш кылды?” деген суроого жооп табуу деңизден чуңкур казганга тете иш болуп турган кез. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен ал жакта жашаган карапайым эл жерди таштап качып кете баштаганы да кеп болууда. Бул эми “өкмөттүн алсыздыгы” деп айтканга түртү берүүдө.

 

 

Бердикожо Бийназаров

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter