jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
15 марта 2019, 12:53

Иттин 1 кило эти 130-150 сомдон сатылат экен

 

Иттин 1 кило эти 130-150 сомдон сатылат экен

 

Бир кезде эшектин этин арзан сатып, элге эшектин этин жегизген шылуундар чыккан. Ал эми азыр “кадимки эле жолбун иттерди атып, кореецтердин ашканасына өткөрүп жатат” деген маалымат тарады.

Ооба, иттин этинен жасалган тамакты кореецтер эчак эле ачыкка чыгарып, ал турсун жетиштүү кардарларды топтоп алганы да чын. Айткандай иттин этинен тамак жасаганга каршы мыйзам дагы жок экен. Бирок ашкана ээлери иттин этинен тамак жасаш үчүн өздөрү итти таза тамак менен багып анан элге тартууласа сөз башка эле. Бирок, азыр элдин баары түйшүк туртуудан качып, оңой байуунун жолуна түшүп калганы да чын.

Юнусалиева көчөсүндөгү кафелердин биринде иштеген атын айткысы келбеген адамдын айтуусунда алар “иттин этин 130-150 сомдун тегерегинде сатып алып, анан элге тамак жасап тартуулашарын айтты. Бир порцу тамакка ашып кетсе 100гр эт колдонулса, бир кило эттен он порцу тамак жасалат. Демек бир порцу тамак 250 сомдон болсо, бир кило эттен эле 2500 сом пайда таам жатканын баамдасак болот. Андан дагы “Мадина” кафесинен иттин этинен жасалган тамактан кадимки эле бытыро табылган. Ушул окуядан улам, иттин этин атып келгендерден алынганын баамдасак болот.

Айтмакчы, тазалыкта иштегендер бир күндө 30га чукул жолбун ит атышат экен. Анан алар семиз иттердин этин кафелерге тапшырбайт деп ким кепилдик бере алат. Кыскасы, жеңил акча табуунун жолу кайда жатат. Ким билет, иттин этин колбаса чыгарып жаткан цехтерге, фарш жасагандарга,пельмен чыгарган жерлерге өткөрүп жатканын. Коррупция күч алган жерде бардык нерсе болору да чын. Айткандай мындан бир жыл илгери дагы Юнусалиева көчөсүндөгү кафелердин биринен иттин этинен жасалган тамактан катимки эле ок табылып, 7500 сом айып пул салынып, кафе ишин андан ары улантганы айтылган. Кыскасы, сак болбосок баарыбыз иттин этин жеп кореец болуп кетпесек болду.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter