jump to https://bit.ly/2UlpJnf /
15 марта 2019, 16:18

Депутаттар кыргыз-тажик чек арасында ок жеген тургун менен жолугушту (фото)

 

Депутаттар кыргыз-тажик чек арасында ок жеген тургун менен жолугушту (фото)

 

Кыргыз-Тажик чек арасында болгон жаңжалда көкүрөк тушуна ок тийип Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасында жаткан жаран мнен депутаттар жолугушту. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, өз алдынча дем ала баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаракат алган тургун менен жолугууга барган Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева андан кийин чыр орун алган Ак-Сай айылына жөнөп кетишти.

 

 

Депутаттар кыргыз-тажик чек арасында ок жеген тургун менен жолугушту (фото)

 

 


Депутаттар кыргыз-тажик чек арасында ок жеген тургун менен жолугушту (фото)

 

 

Белгилей кетсек, 13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылды. Атылган октон 3 Кыргыз жараны жаракат алса, Тажикстандын дагы 2 жараны каза болуп, 20дай тургуну жаракат алганы жазылууда.


Banner
1 комментарий
  • Мээрим
    Как же нашим депутатам мешает фон больницы Они же привыкли чтобы фон и ракус был удачным Надеюсь обратят внимание на эту я так предполагаю больницу
    Больница эта требует ремонта!!!

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter