jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
18 марта 2019, 11:26

Депутат: Эл учурдагы төраганы жана парламентти эң чабал деп баа берген (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде парламент укутарын туура пайдалана албай жатканын билдирген.

Сулайманов Жогорку Кеңештин төрагасы менен парламенттин деңгээлине ар дайым ачык баа берерин белгилейт.

«Эл учурдагы төраганы жана парламентти эң чабал деп баа берген. Жеке мен дагы элдин баасына кошулам. Парламентте төраганы кетирүүгө кызыктар күчтөр бар болушу мүмкүн. Бирок анын ичинде «Бир бол» партиясы жок», — дейт Сулайманов.

Ал мындан сырткары, 2020-жылкы парламенттик шайлоого жакын КСДП коомго чоң таасирин тийгизерин белгилеген.

«КСДПнын ичинде талашуулар, бөлүнүүлөр болуп жатат. Жашоо — айланма. КСДП бүгүн башына келип жаткан иштерди убагында башка партияларга жасаган. Тагыраагы, Атамбаев баш болуп башка партияларды талкалашкан. Парламентке келген фракциялардын тизмеси боюнча башкаларды билбейм, «Бир болго» Атамбаев тараптан кийлигишүү болгон эмес», — деп билдирген депутат.

 

 

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter