18 марта 2019, 11:42

Депутат Бактыгүл Жээнбаевага: Ишти жөндөп алып кетиңиз же отставкага кетиңиз

 

Депутат Бактыгүл Жээнбаевага: Ишти жөндөп алып кетиңиз же отставкага кетиңиз

Сайдулла Нышанов

 

"Ишти жөндөп алып кетиңиз же отставкага кетиңиз",-деген оюн депутат Сайдулла Нышанов бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Бактыгл Жээнбаевага билдирди.


Ал “Бажы бирлиги же Бажы биримдиги” кайсынысы туура экенин сурады.


Бактыгүл Жээнбаева депутаттын суроосуна кагаз түрүндө жооп берүүнү өтүндү.

 

Депутат Бактыгүл Жээнбаевага: Ишти жөндөп алып кетиңиз же отставкага кетиңиз

Бактыгүл Жээнбаева


"Мен сизди жакшы-жаман деп айтпайм. Жаңы жумушка кирип түшүнбөй жатасызбы билбейм. Депутаттар эмне жөнүндө суроо бергенин дагы түшүнбөй жатасыз. Кагаз менен жооп берем дейсиз. Бирок ал дагы жок. Сизди колдоп отура берсек маселе чечилбейт экен. Ошондуктан сиз бир чечим кабыл алыңыз. Ишти жөндөп алып кетиңиз же отставкага кетиңиз. Сиздин ордуңузга ишти алгылыктуу алып барган кесипкөй министр келсин", - деди депутат.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter