jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу чек ара жабылып, 100гө чукул оор жүк ташуучу унаа бир нече күндөн бери өтө албай турушат. Бул тууралуу айдоочулар кабарлашты. 

 

"Төрт күндөн берди жолдо турабыз. Чек ара маселеси чечилбегендиктен, тажиктер жолду тосуп койгон. Алып өтүүчү жемиштерибиз чирип баратат. Президенттен ушул маселени тез арада чечип беришин суранабыз. Ар бир айдоочунун башында насыялары бар, бизге абдан кыйын болуп жатат",-деп билдиришти айдоочулар.

 

Алардын айтымында, бир нече күндөн бери тамак ичише элек.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.



Отправить новости WhatsApp News
Erke
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter