jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Аз убакыттын ичинде билим алып, суроо-талап көп жаралган адис болууну каалагандар бүгүн БААУдагы ачык эшиктер күнүнө чогулушту. Окуу жайдын алдында ачылган Инновациялык колледж 9-классты аяктаган окуучулар үчүн 8 багыттан турган Кыргызстанда жана чет өлкөдө талап кылынган адистиктер боюнча билим алууга шарт тузуп берет. Алгач колледж тууралуу маалымат берилип, ата-энелер жана окууучулар мекеме сунуштаган багыттар тууралуу кеңири маалымат алышты.


Инновациялык колледж сунуштаган багыттарга:


Стартап-финансы жана жогорку технологиялар


Бухгалтердик эсеп жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик


Инновациялык банк иши жана жогорку технологиялар


Жаңы ишкерлик жана инсандык интеллект


Дизайн-менеджмент жана дизайн-ой жүгүртүү


Программалык инженерия жана социалдык трансформациялар


Экология жана энергетикалык эффективдүүлүк


Дизайн жана жогорку технологиялар багыты кирет.

Болочок адистер жаңы имаратта билим алышат. Алардын дүйнө таанымын, билимин өөрчүтүү үчүн окутуунун өзгөчө ыкмалары колдонулат. Сабактар орус тилинде жана басым жасалган чет тилинде өткөрүлөт. Алар бир гана тармак боюнча даяр адис катары чыкпастан, ар тараптуу кесиптин ээси болуп чыгышат. Үч жылдык билим алуудан кийин, кесипкөй адис катары иштеп же болбосо БААУда университетинде билимин жогорулатууга шарт түзүлөт.


Бүгүнкү иш-чарага катышкан ата-энелердин көпчүлүгүн окуунун баасы, арзандатуулар, чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлар менен студенттерди алмашуу программалары кызыктырып жатты. Ошону менен катар алар учун БААУнун вице президентине жана кызматкерлерге каалаган суроосун узатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.


Инновациялык колледжге тапшыруу үчүн болгону окуу жай даярдаган этаптардан өтүү жетиштүү. 3 жылдык окуудан кийин башка багыттагы кесипти тандап, билим алууну улантууга болот. БААУ 18 жашында кесипкөй адис болууга чакырат!

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter