27 марта 2019, 11:39

Батырбеков: Насыр Мусаевдин ордуна башка депутат келет

 

Батырбеков: Насыр Мусаевдин ордуна башка депутат келет

 

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Алмазбек Батырбеков парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековго депутат Насыр Мусаевдин ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча кат жөнөтүп, учурда анын жыйынтыгын күтүп жатканын "Азаттыкка" билдирген.

- Мандатынан ажыратуу эрежеси боюнча төрагага кызматтык кат жаздык. Ал катты комитетке жөнөтүп, анан Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.

Батырбеков "Насыр Мусаев мандатынан ажыратылса, ордуна депутаттыкка талапкер Айнура Аскарова келет. Ал учурда “Кыргызстан” фракциясынын катчылыгында иштейт", - деп айтты.

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу бир жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жатат. 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter