Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан чыкканын жарыялады

 

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынынында депутат Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясынын катарын чыкканы тууралуу билдирүү жасады.

 

Ал өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган инсан катары партиядан чыгуу чечимин кабыл алганын айтты.

 

"Мен мурдагы парламенттин төрагасы катары КСДПнын катаал жолго түшкөнүн карап тура алган жокмун. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө КСДП ички интригалардын айынан өзүнүн милдетин так аткара албай калды. Ушул интригаларга мени кошуу аракеттери да жүрүүдө. Мен ага аралашпайм. Кудай буюрса, мындан ары дагы Жогорку Кеңештин депутаты катары элибизге кызмат өтөй берем. Буга менин билимим да тажрыйбам дагы жетет. Кыргызстандын мындан аркы өнүгүү жолу, жалпы мамлекеттик кызыкчылыгы тараза ташына коюлуп жаткан шарттарда бул кадамым туура деп эсептейм", — деди депутат.

Учурда Жогорку Кеңеште жыйын уланып жатат.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
1 комментарий
  • Шаар
    Туура чечим, бирок кылмышкер Омуркулов Исаны даназалабай эле койсо болмок

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter