jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
10 апреля 2019, 13:39

Сапар Исаков: Качкыбыз келсе, камала элек кезибизде эле качып кетмекпиз

 

Сапар Исаков: Качкыбыз келсе, камала элек кезибизде эле качып кетмекпиз

 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" менен айыпталган мурдагы 8 чиновниктин иши боюнча соттук отурум өтүүдө.


Сот отуруму башталарда жактоочулардын бири Канат Жайлоев судьяга кайрылып, айыпталуучулар тордун артында эмес, залда отуруп суракка алынуусуна уруксат берүүнү өтүндү.


"Бул нерсе айыпталуучулардын адамдык кадыр-баркына шек келтирип жатат жана кыйноо катары баалоого болот", - деди жактоочу.
Мамлекеттик айыптоочулар буга каршылыгын билдирип, айыпталуучуларга оор кылмыш тагылып жатканын эскертишти.


Бул өтүнүч боюнча "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков да өз пикирлерин билдиришти.


Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн жактоочусунун сөзүн колдоду. "Бизди коомго коркунучтуу деп атоого эч кимдин укугу жок" деди Сатыбалдиев.
Ал эми Сапар Исаков "айыпталуучулар качкысы келсе мурда камала элек кезинде эле качып кетмек" деп кошумчалады.


Ишти карап жаткан судья Инара Гилязетдинова жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Акыйкат
    с**а пидораз, кумторго бок жегени кол койосунбу нафик тендер откорбой ТВЕА на лобироват этесин 380 милионга макулдашканга жараша эмнеге тецти тоолук камтый тургандай кылып модернизация кылбадынар эмнеге сметасы жок баштадынар на основании чего 380 милион керек экенин тактадынар нафига кытайга токсон тогуз жолу барып келдин квартираларды жип машинелерди кайсыл акчана алдын, эмне атандан калган мурас бар беле сен козунду жымшыйтып тулкудой болуп баарын былгыткансын эр болсон баарын жашырбай айтбайсынбы болгонун болгондой ким менен канча жегенинди азыр айтбасан акыретте качып кутула албайсын Сен алдын ушул ишке жооп бер Элдин кызыкчылыгын саткан акмак Мамлекетке канчалаган зыян келтирдин Эми котун кысып олтур

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter