jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
10 апреля 2019, 20:29

Момбеков: Жээнбеков биз билбеген маалыматты ачыкташы мүмкүн

 

Момбеков: Жээнбеков биз билбеген маалыматты ачыкташы мүмкүн

 

11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда биз билбеген маалыматты ачыкташы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирген.

 

Эл өкүлүнүн баамында, Жээнбеков чыңалып кеткен саясий кырдаал, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айыптоолору боюнча Жогорку Кеңеш аркылуу карапайым калкка кайрылуу жасайт.

 

«Президенттин кайрылуусунда өлкө үчүн чоң билдирүү болушу мүмкүн. Ал Кыргызстанда күтүлүп жаткан саясаттагы алдын алуу кадамдары боюнча эскертүү иретинде кайрылуу жасайт деген ой болуп турат.  Жээнбеков биз билбеген маалыматты ачыкташы мүмкүн. Учурдагы саясий кырдаал тууралуу кызыкдар тараптарга, элге кайрылат. Мындан сырткары, Өмүрбек Бабановдун, Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп катары, саясаттагы чыңалууну басаңдатуу аракетинин алкагында бир нерсени ачыктайын деп жатса керек», — дейт Момбеков.

Beka
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter