jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Каржы полициясы Өмүрбек Бабановдун тууганын 5 саат суракка алды (видео)

 

Саясатчы, өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабановдун алдыда өлкөгө кайта тургандыгына байланыштуу анын иниси Жаныбек Мырзабаевди Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы күбө катары 5 саат суракка алды. Бул тууралуу Super.kg өздүк булактарына таянып маалымдап, ал 11-апрель күнү сурак бергенин жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Мырзабаевге күбө катары сурак берүүгө чакыруу 10-апрелде саат 14:00дө Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө келүү үчүн учакка билет сатып алганын маалымдагандан кийин келген.

"Сурак саат 15:30да башталып саат 20:30да аяктады. Анын жүрүшүндө ага каршы 2 кылмыш иши бар экенин айтышты, дагы башка эмнелер тууралуу сөз болгонун толук айтып бере албайм. Анткени аны ачыктабоо боюнча тил кат жазып бердим", - деген ал.

Ошондой эле ал аны аталган кызматка 12-апрель күнү да саат 15:00гө күбө катары чакырышканын айткан. Бул сурак анын агасы Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайта тургандыгына карата жасалып жаткан басым болушу мүмкүн экенин белгилеген.



Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter