jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Бишкекте 12-апрель күнү Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында «Тил жана маданият» фестивалы болуп өттү. Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин башкы жетекчилиги жана Эл аралык Кембридж мектеби тарабынан уюштурулган фестиваль дээрлик 30га чукул өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн башын бириктирип, улут аралык достукту, биримдикти өөрчүтүү максатында өткөрүлдү.

 

Иш чарага ар улуттун өкүлдөрү, коомдук ишмерлерден сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы катышышты.

 

“Тил жана маданият” фестивалына даярдыктар эки айга жакын жүргөн, анын катышуучуларынын 90 пайызы “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары болуп саналат. Фестиваль 14 өлкөнүн сахналык көрсөтүүлөрү жана 20 өлкөнүн параддан өтүүсү, ага кошумча улуттук көргөзмөлөрү менен коштолду. Окуучулар жана чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн катышуучулары өз тилиндеги ыр, бий, улуттук кийимдери менен катар, улуттук даамдарды дагы көргөзмөгө коюшкан.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter