jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
15 апреля 2019, 13:11

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев областтагы акын-жазуучулар менен жолукту

 

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев областтагы акын-жазуучулар менен жолукту

 

Бүгүн, 15-апрель күнү Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев областтагы акын-жазуучулар менен жолукту.

Адабиятты өнүктүрүү, акын-жазуучуларды колдоо жана алар менен тыгыз кызматташуу максатында өткөрүлгөн жолугушууда катышуучулар түрдүү көйгөйлөрдү көтөрүп, омоктуу ойлорду ортого салышты. Айрыкча, мамлекет тарабынан материалдык жана моралдык колдоо, китеп чыгарып, жайылтуудагы кыйынчылыктар тууралуу кеңири токтолушту.

 

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев областтагы акын-жазуучулар менен жолукту

 

 


Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев областтагы акын-жазуучулар менен жолукту

 

 


Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев областтагы акын-жазуучулар менен жолукту

 

Өз кезегинде облус жетекчи К. Сатыбалдиев: "Акын-жазуучулар коомдун үлгүсү дагы, күзгүсү дагы. Анткени биз сиздер жараткан чыгармалардан таалим-тарбия алып, жан дүйнөбүз азыктанат. Облус бийлиги бул тармакка кайдыгер карабайт. Иш-чараларды уюштуруу болобу, китеп чыгаруу жагы болобу, колубуздан келишинче жардам беребиз. Анткени коом мыкты, сапатуу жазылган китептерге муктаж"-деп билдирип, жыйындын катышуучуларына чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, областтык жазуучулар союзунун төрагасы С. Стамбековго КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун "Адабияттын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" төш белгисин тапшырды.

 

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев областтагы акын-жазуучулар менен жолукту

 

Эскерте кетсек, буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл акын-жазуучулардын кайрылуу катынын негизинде алар үчүн атайын бөлмө бөлдүрүп берген.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter