jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
15 апреля 2019, 13:22

Сууга чөгүп кеткен 5 жаштагы Барсбектин кош бойлуу апасы жалпы элден жардам сурайт (видео)

 

2019-жылдын 11-апрель күнү Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 5 жаштагы Барсбек аттуу бала чөгүп кеткен. Учурда аны издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.


Маалыматка караганда, издөө иштерине жалпы 99 куткаруучу тартылды. Алар Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин (Ат-Башы каналы жана Чу дарыясында) сууну карап жатышат. Издөө иштеринде Аламүдүн жана Сокулук райондорунун аймактары да камтылат.


Барсбектин апасы учурда кош бойлуу. Анын жалпы журттан жардам сурап кайрылган видеосун FB колдонуучусу Лера Садыгалиева өздүк баракчасына жүктөгөн.

 

 

 

Видоедо Барсбектин атасы издөө иштерине катышып жатканын, казак чек арасы менен болгон көйгөйгө байланыштуу ал жакты кароого уруксаат берилбей жатканы айтылат.

Banner
1 комментарий
  • Ди
    Аллах силерге журогунорго Иман берсин, Ла Иллаха ил Аллах Амиин

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter