jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
17 апреля 2019, 11:57

Сууга чөгүп кеткен Барсбекти издөөгө Казакстандык куткаруучулар киришти (сүрөт)

 

Сууга чөгүп кеткен Барсбекти издөөгө Казакстандык куткаруучулар киришти (сүрөт)

 

11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 2014-жылы туулган  Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 142 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстан Республикасынын ИИМнин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар  департаментинен 4 суучул тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.

 

Сууга чөгүп кеткен Барсбекти издөөгө Казакстандык куткаруучулар киришти (сүрөт)

 

 


Сууга чөгүп кеткен Барсбекти издөөгө Казакстандык куткаруучулар киришти (сүрөт)

 

Бүгүн, 17-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 115 куткаруучу тартылды. (КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) 12 куткаруучу, КР ӨКМнин Токмок шаардык №24 жана №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн (АӨКБ) 20 куткаруучу, КР ӨКМнин Сокулук райондук №23 АӨКБдан жана №7 ӨКБдан 15куткаруучу, КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 АӨКБдан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 АӨКБ жана №4 ӨКБдан 10куткаруучу, КР ӨКМнин Москва райондук №15 ӨКБдан 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 25 куткаруучу жана КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 18 суучул). Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстан Республикасынын ИИМнин Жамбыл облустук ӨК департаментинен 4 суучул тартылган. Издөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter