jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн 17-апрель күнү Жогоку Кеңештин комитетинин жыйынында отчет берди.

Депутат Рыскелди Момбеков Мамлекеттик каттоонун жетекчисинин орун басары менен стат-катчысы жана  "Инфакомдун" жетекчисинин камакка алынышы канчалык мыйзамдуу экенин сурады.

 

Өткүрбек Жамшитов "Тергөөчү 2 суткага камакка алса, бул анын укугу. Ишти козгогон башка, тергеген башка. Ал өзүнүн чечимдерин өзүнүн атынан кабыл алат. Бүгүнкү күндө алар 48 саатка шектүүнү камакка алды. Бөгөт коюу чарасынын айыбын угуза турган болсо, эгер далилдердин баары жетиштүү болсо, тийштүү башкармалык окуп чыгып, анда биз кылмышка шектүү катары 3 адамга тең кабар беребиз. Эгер андай болбосо, кабар бербейбиз жана камактан чыгаруу мыйзам укугун колдонобуз", - деп жооп берди.

 

Момбеков кармалган чиновниктер мамлекеттик бюджетке зыян алып келбегенин айттыю

 

"УКМК "253 миллион сом зыян келди" деп урдуруп жатпайбы. Бюджеттен бир да сом кеткен жок, факты жок", - деди депутат.

 

Баш прокурор азыр туура же туура эмес деп кесе айталбасын билдирдию

 


Момбеков "Бул жерде зыян да, кесепет да аныкталган жок. Балким, алардын батыраак байып кетели деген ою болгондур, бирок көз салуу менен кол салуунун айырмасы бар да. Алар күнөөсү үчүн эмес, мүдөөсү үчүн камалып жатат. Жанагы "сулууларга суктанууга акым бар" дегендей эркектер сулуу кызга көз кысып койсо "ою жаман экен" деп камай берсек эркек калбай калат го", - деди.

 

"Тергөө жолу менен аныкталсын. Көз кысканы боюнча түшүнгөн жокмун", - деди Жамшитов.

 

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter