jump to https://bit.ly/2YXP4q5

 

20-апрель күнү "Сапат" билим берүү мекемесине таандык мектеп окуучулар арасында спорт оюндарынын түрлөрү боюнча республикалык спартакиада өттү. Талас, Нарын, Каракол, Кара-Балта, Токмок жана Бишкек шаарында жайгашкан лицейлердине окуучулары спорттун алты түрү боюнча күч сынашты.

 

Жыл сайын өткөрүлүүчү иш чарага мындан ары дыкат көңүл бурула турганын "Сапат" билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары билдирип, окуучуларга ийгилик каалады.

 

Окуучулар футбол, баскетбол, волейбол, шахмат, тогуз коргоол жана теннис боюнча кызуу таймаштарды өткөрүштү. Аларга атайын калыстар тобу байкоочулук кылып, өз бааларын беришти. Кошумчалай кетсек, ушул эле спорт оюндары билим берүү мекемесинин кыздар лицейинде дагы өткөрүлдү. Мекемеден билдиришкендей кийинки жылдары спартакиада чон масштабда өткөрүлөт.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter