jump to https://bit.ly/2YXP4q5

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы борбордук стадиондо эртең, 1-май күнү маркум, айыл чарба жаатында кызмат өтөгөн Зулпукар Ормоновдун жаркын элесине арналган «Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө» аталышында спорттук мелдеш болуп өтөт.


Өзгөн райондук спорт бөлүмүнөн билдиришкендей, анда спорттун волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат, кол күрөш боюнча оюндар болот.

 

Анын маалыматы боюнча, иш-чарага карата учурда кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Мелдешке З.Ормоновдун уулу, Жогорку кеңештин депутаты Улук Ормонов демөөрчүлүк кылууда. Ал эми мелдештин негизги максаты - улуттар арасындагы достукту, ынтымакты чыңдап чыңдоо жана айыл жаштарынын спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү болуп саналат.

Beka
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter