jump to https://bit.ly/2YXP4q5
30 апреля 2019, 12:46

Бишкекте «БМВга» баланы байлап алып сүйрөгөн адам кармалды (сүрөт)

 

Бишкектин "Алтын казык" конушунда 9 жаштагы баланы "БМВ" унаасына байлап алып сүйрөп жүргөн киши кармалды.
Бишкек ШИИБинен маалымдашкандай, окуя 27-апрель күнү эртең менен болгон. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБдин кызматкерлери барып, 2010-жылы туулган Ж.К. аттуу баланы жана 33 жаштагы Б.С. аттуу эркек кишини табышкан. Баланы тууганы Б.С. «БМВ» үлгүсүндөгү унаага байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган.
Жабыркаган бала балдар ооруканасына жеткирилип, шектүү кармалган.

ШИИБдин болжолдуу маалыматы боюнча, баланын апасы учурда Россияда иштеп жүрөт, атасы жок. Баланы туугандары тарбиялап жатышкан. Учурда бул окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Бул факты Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

 

Бишкекте «БМВга» баланы байлап алып сүйрөгөн адам кармалды (сүрөт)

 

 


Бишкекте «БМВга» баланы байлап алып сүйрөгөн адам кармалды (сүрөт)

Отправить новости WhatsApp News
Banner
3 комментария
  • Капрал
    Мен ал баланы тааныйм Кудай деп жургон бала Энеси менен турган бала Коп эле куноого бата бербегиле аны куноолоп Акча урдааса жазалайт да братишкасын Экинчи уурдабайт Тушуном коркутум коем жазаса керек да Алар бир тыйын табыш да оор
  • Мырза-Бек
    Жанылык десе эле; -ошолонтуп, жар салбаса болбойбу
    "Бишкекте "БМВга" баланы байлап алып сүйрөгөн адам кармалды"-деп!
    -Көптөн бери сүйрөп карматпай жүрүптүрбү
    Кубалап жүрүп араң кармадыңарбы

    Менин көз карашым боюнча; БМВ эмес! Эшекке сүйрөлгөн адамдан тамтык калбайт!
    9 жаштагы баланы БМВга 10 метр сүйрөтсө сөөгү көрүнүп калса керек!
    Сүрөтүндө турат го бир даалысы, капталы сыйрылганы

    Башка тармактардан окуудум: "акча уурдайсын" машинага сүйрөтөм деп, коркутканы

    Араң турган "элдин" үрөйүн учурбай,
    ашыкча күнөөгө батпай эле болгонун-болгондой жазкылачы Сиздерден сураныч
  • erik
    акмакты озун суйроп зынданга салыш керек

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter