jump to https://bit.ly/2YXP4q5

Ош облусунун Кара-Суу районунда волейбол жана мини футбол боюнча таймаш өттү. Иш чарага Кара-Суу районуна караган айыл өкмөттөрдүн командалары катышты. 29-апрель күнү башталган таймаштын финалы Улуу жеңиш жана 1-май эмгек күнүнө арналган майрамда жыйынтыкталды. “Исмаил Матраимов” фонду уюштурган бул турнирге адаттагыдай эле эл өкүлдөрү да катышышты.

 

Оюнга жергиликтүү командалардан сырткары Өзбекстандын Андижан облусунун курамасы катышып, Кыргызстандын волейбол боюнча чемпиону болгон «ЕRЕМ» командасы менен беттешти. Финалдык таймашта «ЕRЕМ»  командасы карышалыш келген курамды утуп, баш байгени жеңип алышты.

 

Иш чара быйыл тогузунчу ирээт өткөрүлүп жатат. Ар жылы 20 миңге жакын эл катышып, кызуу оюнга күйөрмандык кылышат. Негизги максаты Улуу жеңиштин ардагерлерине урмат көрсөтүп, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп эсептелет. Чогулган эл оюндан сырткары, концерттик программага күбө болушту.

 

Быйылкы турнирдин байге фонду 1 миллионн сомду түздү. Уюштуруучулар келээрки жылы мындан да жогорку деңгээлде өткөрүү пландалып жатканын баса белгиледи.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter