jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен жалпы орто билим берүү мектептериндеги 6-класстагы окуучулардын арасында математика сабагы боюнча олимпиадасын уюштурган. Өткөн жуманын 4-май куну окуучулар анын акыркы баскычынан өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Олимпиада 5 - 6 - класстын математика сабагы боюнча окуу программаларынын негизинде өткөрүлдү.

 

АКМО олимпиадасынын негизги максаты өлкөдөгү окуучулардын математика cабагына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле түрдүү интеллектуалдык таймаштардын ар кандай түрлөрүн өркүндөтүү, өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга андан ары да колдоо көрсөтүүгө шарт түзүүгө багытталган.

 

Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунга Бишкек шаарындагы №61 физико-математикалык мектеп лицейинин окуучусу Бараталиев Бектур татып, I-даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйланды.

 

Ага кошумча 2-орунду алган окуучу II-даражадагы диплом жана ноутбукка ээ болсо, 3-орунду ээлеген окуучуга ушундай эле диплом жана планшет ыйгарылды. Окуучулар менен бирге алардын мугалимдерине да акчаай сыйлыктар берилет.

 

Женуучулордун сырткары олимпиаданын III баскычынын бардык катышуучуларына грамота жана белектер тапшырылды.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter