jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Бишкекте атасы уулун кошунасыныкына уктап калдың деген шылтоо менен сабалган. Аталган маалыматты ШИИББдан тастыкташкан.

 

Маалыматка ылайык, 12-майда ооруканага сабалган 7 жаштагы бала келип түшкөн. Дарыгерлер дароо милицияга кабар беришкен.

 

«Милиция келгенде баланын апасы аны атасы сабагандыгын айтты. Баланын баш мээси чайкалып, колу сынган. Энесинин айтымында, бала кошунасыныкына барып уктап калган, ал эми өздөрү издеп жүрө беришкен. Баланы тапкан соң атасы тарбиялоо максатында сабап салган», -деп билдиришкен милициядан.

 

Ал эми баланын апасы мындай көрүнүш буга чейин да кайталанып келгенин айткан.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Жон эле эне
    Бул мыкаачы эшекти жакшылап жоопко тартуу керек, олуп калса эмне болот эле байкуш бала Гумандуулукту коюп олум жазаасын кайтаруу керек ушуга окшогон кузгундар учун Баланы сабап жатканда энеси кайда журду ортого тушуп болушпай Бул сабоодон кийин баланын психологиясы, тагдыры эмне болот

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter