jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Жергиликтүү маалымат каражаттары Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин иши боюнча суракта жүрөк оорусу кармап жыгылганын жазып чыгышты. 

 

Депутат бул маалыматты четке кагып, “Азыр интернет сайттарда Рысалиевдин жүрөгү кармап жаман болуп жатыптыр деген маалымат чыгып жатат. Мен суракка барган эмесмин. Мен жүрөгү кармап, кала турган жөнөкөй киши эмесмин. Азыр отуруп-тур десеңер отуруп-туруп, “отжимание” кыл десеңер “отжимание” кылып берейин”, - деген Рысалиев.

 

Эскерте кетсек, 15-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Зарылбек Рысалиевдин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалган. Ошондой эле бул ишке катыштыгы бар делинип мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана дагы эким дарыгер камакка алынган.

 

Banner
2 комментария

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter