jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
17 мая 2019, 10:57

Жээнбеков: Президент катары коррупцияга каршы күрөштүн башында туруп берем, менде эрк бар

 

Жээнбеков: Президент катары коррупцияга каршы күрөштүн башында туруп берем, менде эрк бар

 

"Коррупция менен күрөш токтобойт — уланат. Бул күрөштө бир гана Президенттин алы жетпейт. Менде эрк бар — Президент катары бул күрөштүн башында мен туруп берем. Бирок муну каалабагандар дагы бар", — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-майда Ысык-Көл областынын Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

"Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дегендей, чоң акырдан жем жеп калгандар мындан айрылгысы келбейт. Жалпы эл, баарыбыз жапырт көтөрүлүп, каршы тура баштаганда гана коррупция токтойт. Коррупцияга аралашкан кандай чиновник болбосун, кайсы бийлик бутагы болбосун — жоопко тартылат. Жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары — силерге айтаар сөзүм. «Мен сага тийбейм — сен мага тийбе» деген мамиле менен жүрүп жатасыңар. Коркпой, мындай көрүнүштөр менен ачык күрөшкүлө. Андай кылбасак, мамлекетибизге, элибизге келечекте кыйын болот", — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

 

Жээнбеков: Президент катары коррупцияга каршы күрөштүн башында туруп берем, менде эрк бар

 

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө муктаж болгон адам менен мамлекеттик чиновник беттеше баштаганда коррупцияга жол берилип жатканын жана экөөнүн ортосунда контакт болбой турган система ишке кирээрин айтты. 

"Ошондо, биринчиден, бюрократия жок болот, экинчиден, коррупция жоюлат", — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
3 комментария
  • красный
    уважаемый Президент не верьте тем кто рядом плящиться особенно советникам по силовых структур, которые уже набивает свои карманы в сговоре с коррупционерами к сожалению вам станет известно после все потеряет свою актуальность
  • Офицер
    Окружение нужно Вам сменить незамедлительно, товарищ Президент! Умышленно дезинформируют и подставляют они Вас! Многие из них работают на-три фронта! Имейте это ввиду и меньше доверяйте им, решения принимайте самостоятельно, не подпуская их на близкое расстояние! Совсем скоро Вы можете очень сильно пожалеть об этом! За Вашей спиной идут подковерные игры и закулисные переговоры!!!
  • Назар
    Урматтуу Президент! Биз сизге ишенебиз! Раимден баштаныз!

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter