jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
17 мая 2019, 11:31

Момбеков: Абылгазиевдин бир тууган иниси баңги заттар башкармалыгын көзөмөлдөйт

 

Момбеков: Абылгазиевдин бир тууган иниси баңги заттар башкармалыгын көзөмөлдөйт

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган иниси Азиз Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Баңги заттарды көзөмөлдөөчү башкы башкармалыкты жетектейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирген.

 

«Өкмөт башчынын шеринелеш достору Саламаттыкты сактоо министрлигин, Өкмөттүн Аппаратын башкарып жатканы… Абылгазиевдин бир тууган иниси Азиз Абылгазиев Баңги заттар боюнча башкармалыкты көзөмөлдөйт. Дүйнөдө экинчи ири бизнес — дары-дармек сатуу. Баңги зат кошулган дарылар эң кымбат.  Жогорку Кеңештин комитети кызматын карап көрүү боюнча чечим чыгарып берсе да, эмнеге кызматтан албай жатат? Мына ушулардын баары пландык башкарууга көлөкө түшүрүп жатат. Абылгазиевдин бажасынын уулу кызматка келип калганын билбей койдум дегенине ишенбейм. Бизде башында план менен келип, аягында клан менен чыгып кетет. Мындан улам пландык башкаруу эмес, кландык башкаруудан арыла албай жатабыз. План менен башкарсаң өсөсүң, клан менен кетсең өлөсүң дегендей эле кеп. Жыл башында баланча киреше менен келебиз дейт да, аягында абийири жок чыгып жатат», — дейт депутат.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
2 комментария
  • Офицер
    Абылгазиев! Если ты настоящий мужчина, уйти сам, пока не выгнали! А если не уйдёшь, то носи юбку!
  • мелис
    Тойгузу ушул тупой долбаеп пидораз абулгазиев! с**а долбаеп премьер, кыргыз тарыхындагы эн тупой кок мээ премьер болду коруупционер с**а!!!

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter