jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
20 мая 2019, 11:55

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

 

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

 

Кыргызстандын аймагында 22-23-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана  тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

 

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

 

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter