jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Бүгүн, 3-июнь күнү "Акипресс" маалымат агенттигинин жыйындар залында чогулган жеке ишкерлер, "Мадина", "Дордой", жана "Кара Суу" базарларынын башчылары мындан бир нече күн мурун "Азаттык" жарыялаган изилдөө боюнча оз ойлорун ортого салышты. Ишкерлер изилдөөдө айтылган туура эмес маалыматтар, алардын ишине кедергисин тийгизип жатканын баса белгилешти. Юрист Муса Бейшеновдун айтымында соодагерлер товар алуу үчүн акча которууларды коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүшөт жана аталган процесстер улуттук банк, каржы полициясы, финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан көзөмөлдөнөт.


"Мадина" базарынын башкы директору журналисттик иликтөөлөр фактылардын негизинде жазалышы керек деген оюн айтып, изилдөөдө келтирилген документтер менен каржы полициясына же башка тиешелүү тараптарга кайрылса оң боло турганын айтты.


Аты аталган ири базардын кызматкерлери Айеркен Саймати менен байланышып, изилдөөдө айтылган акчалар боюнча тастыктоочу документтерди көрсөтүп берүүсүн талап кылышкан.


Соода менен алек болуп, дегеле чет өлкөлөрдөн товар алып келип, бизнес кылган ишкерлердин бир жылда эмес, бир айда эле которгон каражаты бир нече миллионду чапчыйт. Мисалга Кытайды ала турган болсок, бизнесмендер жыл сайын миллард долларларды товар алуу үчүн которушат. Акча которуулар эки өлкөнүн банктарынын көзөмөлүндө ишке ашат. Ал эми банктык которуулардын эл аралык системасы менен тааныш адамдар, бир нече жылдын аралыгында иликтөөдө айтылган миллиондор эч кандай шек жаратпастан, чет өлкөгө которулушу мүмкүн эмес экенин айтышат. Аты аталган соода-сатык комплекстеринин башчылары шек жараткан каржы бүтүмдөр же болбосо такталбаган маалыматтар чакан жана орто бизнеске зыянын тийгизиши ыктымал экенин белгилешет.


Буга чейин экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Бакир Таиров "Азаттык" радиосу тараткан маалыматтарды текшерип чыкканын айтып, анда айтылган миллиондогон долларлар "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларындагы соодагерлердин товар алып келүү үчүн жиберген акчасы экенин айткан.Биз мына дал ушул базарларда иштеген соодагерлер менен баарлашып, жогорудагы маселе тууралуу ойлорун уктук.


Жалпысынан соодагерлер мындан аркы ишинин солгундап калышынан чоочулап жатышат.Анткени изилдөө жарыяланары замат аларга буга чейин ишеним артып келген өнөктөштөр тарабынан суроолор жаралып, текшерүүлөр күчөп, мындан ары кызматташуу токтоп калуу коркунучунда турат. Бул ыктымалдуулуктар ишке аша турган болсо, Кыргызстанда миңдеген адамдар жумушсуз калары белгилүү.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter