jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 25-май күнү бакка асылган абалда 2 адамдын жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирген.

 

 

"Сокулук РИИБинин нөөмөттөгү кызматына 25-майда жергиликтүү тургундар тарабынан эки адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Айтылган дарек боюнча барган ыкчам топ айылдардын биринин четиндеги бакта 1 эркек жана 1 аял кишинин денелери асылып турганына күбө болушкан. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Сотко чейинки жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн алкагында алардын бири 19 жаштагы М.И. атуу жигит, экинчиси 16 жаштагы Д.А. аттуу кыз экени аныкталган", - деп билдирген басма сөз кызматы.

 

Каза болгон жарандар Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургундары болушкан. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланып жатканы кошумчаланат маалыматта.

 

Буга чейин, маркум Ишенбектин бир тууган эжеси Зыйнат Бердигулова алардын мындай кадамга баруусуна кыздын эжесин күнөөлөгөн. Ал эми Анаранын эжеси Флора Догдурбек кызы өз кезегинде өлүм себебин алар дагы билүүгө кызыктар экенин айтып, баланын үй-бүлөсүн күнөөлөдү.

 

"Кара-Жыгач жаңы конушунда жашайм. Сиңдим дагы окуядан бир аз күн мурда менин үйүмө келген. Анын башы ооруп жатканын апам айтып, шаарга ооруканага жаткыралы деген максатта алып келгенбиз. Сиңдимдин жигит менен сүйлөшөрүн мурда-кийин билчү эмесмин.

 

24-май күнү сиңдим түшкө маал үйдөн чыгып кетиптир, чай ичели деп аны таппай калдым. Телефонуна чалсам албай койду. Бир убакта бир бала телефонду алып, "сиңдиңиз менин жанымда, азыр барат" деп айтты. Эч нерсе дей албай макул болуп, үйдө күттүм. Саат 19:00 чамасында бир бала менен үйгө ээрчишип келди. Мен ошондо ал баланы биринчи жолу көрдүм. Андан кийин эле бала мени менен учурашып маршрутка кетчү жолду көздөй кеткен. Сиңдимди тамак жаса деп айтып, иштеп жаткан ишимди уланта бердим. Бир убакта эле сиңдиң чогуу келген бала менен кетип баратат деп айтышты. Сыртка чыгып экөөнү чакырсам кайра келишти. Анан эле бала "мен сөйкө салмакмын, алмакмын" деп айтып кирди. Мен ага сиңдим окууну бүтө электигин айттым. Ал болсо сиңдимди колунан тартып баштады. Мен сиңдиме "үйгө кир" деп үчөөбүз тең үйдү көздөй бастык. Ошол убактасиңдимдин колунда эки телефон бар экен, ошонун бирин жулуп алгам. Көрсө, ал баланын телефону турбайбы.

 

Сиңдимдин жанында бир рюкзак кийими да бар экен. Өлө турган адам ошентип кетеби? Мен ушуга эле ичим ачышат. Ал өлөм деп эмес, алам деп кеткен. Окуядан кийин тигил тарап "балабыздын телефонун алып алгандан кийин чалбайт белең" дейт. Телефондун кодун билбесем мен кантип чалам? Ошондой эле баланын телефонуна дагы эч кандай чалуу келген эмес. Мен түнү бою уктабай сиңдиме телефон чалып чыктым. Болгону сиңдим апама саат 22:00дө "жакшы калыңыз" деп билдирүү жазып коюптур. Эртеси 25-май күнү Сокулук РИИБинен телефон чалышып, алардын асынып алганын айтышты. Биз деле азыр экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Жыйынтык чыккандан кийин биз дагы териштиребиз".

 

Атам каза болуп калгандан кийин апам сиңдилеримди эч нерседен өксүтпөй багып келген. Байкуш сиңдим "апа, бизди таштап кетпейсизби?" деп эле айта берчү. Эми өзү бизди таштап кетти. Өзү тың, максаттары бийик кыз болчу. Азыр деле анын каза болуп калганына ишене албайм", - дейт каза болгон кыздын бир тууган эжеси.

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter