jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
6 июня 2019, 12:42

Абдраимов суроолорго толук жооп бербей, залдан чыгып кетти

 

Абдраимов суроолорго толук жооп бербей, залдан чыгып кетти


Бүгүн Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында ага каршы митинг өтүп жатат. Журналисттер өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевга кайрылып, Абдраимовду кызматтан алуусун талап кылышууда.


Алгач кабинетинин эшигин бектип, суроолорго жооп берүүдөн баш тартып жаткан Туйгунаалы Абдраимов акыры журналисттер менен жолукту.
"Араңарда кээ бир журналисттер менин оюмча акча алып, атайын провокация кылганы келген. Анткени, мага келип "Сиз аябай сулуу турбайсызбы" деп провокация кылып жатат. Силер дагы элдин алдында калыс болгула. Мен жаңжал болгонун уккан замат, окуя болгон жерге бардым. Алгач ал жердегилер менен сүйлөшүп, баарынан кабар алдым. Кайра келе жатсам, журналист алдыман чыгып кекетип суроо бере баштады. Сары кыз экен, улам эле кекетет",-деди Абдраимов.


Кече губернатордун мас абалында деген маалымат тараган. Абдраимов аны четке какты. Журналисттердин суроосуна толук жооп бербеген губернатор, жыйындар залынан чыгып кетти.


Эскерте кетсек, кече Орок айылындагы жаңжал учурунда Абдраимов журналист кыздын суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, анын жүзү жагымсыз экенин айткан. Ал бир гана «Ала-Тоо-24» интервью берген.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter