jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактын жаңы оңдолгон тепкичтеринен унаасы менен өтүп, талкалаган видео тараган. Маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.

 

Белгилүү болгондой, унаа тепкич аркылуу түшүп баратканы видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Басма сөз кызматынын өкүлү бул тартипсиздикке шектелген адам жазасын ала электигин айтты.

 

Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков окуя тууралуу буларга токтолду.

 

"Окуя 9-июндан 10-июнга караган түнү болгон. Белгисиз жаран унаасы менен тепкичтер аркылуу түшүп, аны талкалап салган. Бул тартипсиздикке шектелип, бүгүн, 11-июнь күнү эртең менен унаанын айдоочусу кармалган. Ал 1998-жылы туулган Б.К. аттуу жаран экени аныкталды. Ал кылган ишин моюнуна алды. Алгачкы көрсөтмөсүндө Б.К. ылдый жакта жайгашкан жаштар сейил багына жол таппай калып, бурулушка бурулганда тепкич аркылуу ылдый түшүп кеткен. Күү менен келип, ортодогу түздүккө туруп калып, аягына чейин түшүүгө аргасыз болгонун айтты. Учурда чыгымдар эсептелүүдө. Кармалган адам ошого жараша тарттырган зыянды төлөп берерин айтты", - деп билдирди ал.

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Erke
2 комментария

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter