jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

2019-жылдын 11-июнь күнү борбор калаабыздагы Кожомкул атындагы спорт сарайында "Тамекисиз спорт" урааны алдында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин биринчи күнү өттү. Турнирге быйыл Монголия, Бразилия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын балбандары катышышты. Жалпысынан балбандар 55 кг салмактан 130 кг салмакка чейин таймашышты.


Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбаны саналган Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка чыкмак. Ал эл аралык деңгээлдеги турнирлерди 12 ирет утуп, "Даңк" медалы, Улуттук олимпиадалык комитеттин төш белги, ардак граматоталары менен сыйланган. 1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын үчилтигине кирген.1999-жыл Сеулда өткөрүлгөн Азия чемпиондугунда алтын медаль. Ушул эле жылы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды багындырган.


Аталган эл аралык турнирге Улуттук олимпиадалык комитет, күрөш федерациясы чоң колдоо көрсөткөн. Ага кошумча аны уюштурууга мамлекеттен 636 миң сом каралган. Жыл сайын ага катышуучулардын саны арбып келет. Бүгүнкү балбандардан сырткары эркин күрөш боюнча дагы 10дон ашуун команданын келиши күтүлүүдө. Бүйүр кызыткан мелдешке катышып, жеңишке жеткен балбандар кыргыз курамасынын атынан дүйнө чемпионатынын лицензиялык мелдештерине катыша алышат.


Уюштуруучулар келээрки жылдары турнирди дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, Европанын жана башка өлкөлөрдүн спортчуларын тартууну көздөшүүдө. Күрөштүн бул түрлөрү айрыкча өлкөбүздө чоң кызыгууну жараткандыктан, балбандарды колдогон күйөрмандардын сүрөөсү өтө күч болду. Алар жаш спортчулар Раатбек Санатбаевдин ийгиликтерин кайталай алаарына ишенишет. Ал эми аны кумир тутуп, балбандардын катарын күн санап көбөйтүп жаткандар да аз эмес.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter