jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/
12 июня 2019, 18:41

Мусабекова: Мен элита да эмесмин, этикеткам да жок

 

 

ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова өзүн элиталардын катараны кошпойт. Бул тууралуу ал FB баракчасына жазып чыкты.

 

"Айнанайындар, эс алгыла, мен элита да эмесмин, этикеткам да жок, талаада тер төгүп иштеген карапайым комбайнчынын эле кызымын. Энемин курсагынан сөгүнүп эле түшкөм. Эх, сынтаккан сынчы сөрөйлөр силер эмнени билесиңер? Мен кандай жолду басып өткөнүмдү жон териңер менен да сезе албасаңар керек! Өзүмү Апендинин кызындай мактаткан командам да жок! 
Бирок, уйкум тынч, мамлекетти уурдап, тонободум, жер сатпадым, эл сатпадым, дүйнө жыйбадым, жада калса жөнөкөй эле алтын саатым да жок. Ары, бери жүгүрүп пайда да тапкым келбейт, элге окшоп үй бүлө бузуп, алды алты, арты төрт эрге тийип анан өзүн иттей маданияттуу, адабияттуу да көргөзгөндөрдөн бир топ өйдө турам... Юбкамы да кийгенге айрым эркек сөрөйлөр да татыксыз!
"Мусабекова сөгүндү!" деп терисине батпай сүйүнүп телпектегендер да эс алгыла.
Эки жыл мурун да ыраматылык Бабыр менен калчылдашкам. "Биринчиден, эркексиң, экинчиден, аксакалсың, сөгүндү деп" ары, бери жүгүргөн сага болбойт, жалган жалааң үчүн көрүңдө өкүрөсүң акыры" деп аябай өткөн, кеткенин, баласы экөөнүн мамлекетке келтирген зыянын айтып чындап сөккөм. Таба эмес, тобооо! 
Кудай бар, ар кимиңерге жеткирет. Кызы бары кызга, уулу бары уулга сынтакпагыла. Биринчи өзүңөрдү күзгүдөн карагыла. 
 Менин кебетем ушундай эле... уялсаңар айланииип өткүлө, артыңарды карабай качкыла",-деп жазган ал.

 

Banner
3 комментария
  • Акыйкат
    Ушу мусурбекованы алкаш алып келгенда коток соруп алкаштын жепжужутат болупалып былжырайт
    1. 111
      ошибочка, ее привел Асылбек
  • Авоз
    Бул баягы согунгон оозу бузук, еще озу журналистикадан келип алып кайра журналисттерди муссорунардын чыгалбай кызганып мага асыласынар деп кемсинткен допараз щерменде мырка!!!!!

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter