jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

Момбеков: Кара-Суунун аялдары Путинге, чаткалдыктар Мирзиёевге кайрылып жатса биз эмне деген мамлекетпиз? (видео)

 

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков бир катар аймактарга барып, элдин нааразычылыгын угуп келгенин айтты. Ал "Кара-Суунун аялдары Орусиянын президенти Владимир Путинге, чаткалдыктар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге кайрылып жатса биз эмне деген мамлекет, өкмөтпүз?" деп эл өкүлдөрүнө кайрылды.

 

"Өткөн жумада Чаткал, Аксы, Ала-Бука, Токтогулга иш сапарым менен барып, элдин арманын артып келдим. Алгач Чаткалдан баштасам, ал жакта иш чатак экен. Алар "өкмөт өгөй баласындай көргөндүктөн биз Өзбекстандын президентине кайрылабыз" деп арманын айтышты. Мындай жагымсыз нерсени мени жандап барган кесиптештерим да угушту. Артымдан карап барган УКМКнын өкүлү да укту. Ал жерде 2 эле көйгөй бар экен, жергиликтүү калк менен кен казгандардын ортосундагы маселе. Жергиликтүү калк кен казуучу жайда 12 саат иштеп, 14 миң сом айлык акы алат экен. Ал эми Кумтөрдө 8 саат иштеп, 50-60 миң сом алышат экен. Эч ким барбаса же кабар албаса иш чатак экен да. Элдин көңүлүн көтөрүү үчүн айлык акысы жана социалдык пакети боюнча маселени чечүү керек", - деди ал.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
6 комментариев
  • Акыйкат
    Олкону 27жылдан бери котокбаш чимкирик президенттен башкарса болоору ушул 8жыл эшек такалап откоргон аша чимкирик тфу бляттардыкы!!!
  • Керимбек
    Жалаң силерге окшогон чимкирик депутаттар, арсыз алкаш падышалар элдин үнүн укпаса, башкара албаса анан муңун кимге айтат эл
    Сен ушуну эми билип атасыңбы
  • Момбековго
    Каяктагы мамлекет, 27 жылдын ичинде мамлекеттин байлыгын сага окшош депутаттар, президенттер, чиновниктер жеп бутуштуго, аны калгансып келип аткан кредит, грант, жеке жардамдарды тойбой жеп келжиреп уктап жатасынар Анан эл кимге кайрылат аларга кайрылбаганда
    1. Гость Бакыт
      Элди эмнеге кайрылат деп күнөөлөгөн жок Түшүнүп туруп жазсаң анырандабай Өкмөткө суроо берип жатат эл эмнеге башкага кайрылат силер чече турган маселе болсо деп Депутаттын иши жумушу ушул, суроо берет, маселе көтөрүп чыгат ушинтип Өкмөткө тапшырма коёт Сендей болуп далдырап сүйлөй бербейт ишти билбей түшүнбөй туруп
  • Акыйкат
    Эми билдинби кандай мамлекет экенин. 27 жылден бери келген кеткен долбаеп котокбаш президенттердин чондордун айынан ушул акыбал болуп жатат.
  • Аскер
    Акыкыйкаттын жоктугу , эл-эл дейбиз , эгерде ошол карапайым эл башка олконун падыщаларына кайрылып жатсак , анда иштин буткону ошо Дастан болсо бир адамдын атын айтып жатты эле го , эл учун олуп берет , эл учун кызмат кылып журот деп Урматтуу Рыскелди мырза ошол шефигизге битта кабар берип койбойсузбу эл корсун жардамын

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter