jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Борбор калаабыздагы 13-июнь күнү кыргыз элинин сейрек кездешкен айтылуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке Казакстан, Монголия, Россия, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын балбандарынан турган командалар катышты. Мелдеш 1962-жылдан тартып өткөрүлүп келет. Жыл сайын чет мамлекеттен келген катышуучулардын саны көбөйүүдө.

Атактуу балбан атындагы турнирге бул убакка чейин дүйнөгө белгилүү балбандар, азия чемпиондору катышып, тажрыйба топтоптошкон. Бүгүнкү мелдештин жыйынтыгы менен эркин күрөш боюнча кыргыз курамасы түзүлөт. Балбандар мелдештин байгеси жана сентябрь айында Казакстанда өтүүчү 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына лицензиялык дүйнө чемпионатына катышуу үчүн курама командадагы орун үчүн да таймашты. Жыйынтыгында төрт кыргыз балбаны алтын медалга ээ болду.

Күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш Бишкекте эки күндөн бери уланып жатат. Чет элдик балбандар мындан бир күн мурун өткөрүлгөн.Р.Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге да катышышты. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын грек-рим күрөшчү балбандары 10 салмакта ойнотулган медалдарын тогуз алтынын жеңип алышкан.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter