jump to http://ayugrand.kg/stores/27 8/

 

Айтмамат Назаров ушул жылдын май айында "Улуттук энергохолдинг компаниясынын" башчысы болуп дайындалган. Ал бул кызматка чоң жоопкерчилик менен киришип, акыркы убакта эл көп сынга алып жаткан мекемени аз убакыт ичинде жакшы жолго түшүрүү максаты бар экенин белгилеген. Назаров алгач эле реформадан баштап, 1-1,5 жылдын ичинде тармакты чыгашадан чыгарып, сырткы карыздарды өз убагында төлөө боюнча чараларды көрүү керек экендигин айткан. Кызматка жаңы гана келген убакта эле ал сырттан туруп сын айткан, кара пиар жасап жеке кызыкчылыгы үчүн бут тоскондор көп болорун түшүнүп турганын билдирген эле. Көп өтпөй ага дагы эл күбө боло алды.


Иш чаралардын биринде анын жардамчысы жанында кол чатыр кармап турган сүрөт тараган. Көпчүлүк журналисттер аны туура эмес көрүнүш катары сыпаттап, коомчулукка таратышкан. Чындыгында ал адам министрдин тууганы экени жана кол чатырды болгону бир нече секунд кармаганы белгилүү болду. Министр НТС телеканалынын журналисттерине окуяны видеофакт менен далилдеп, медалдын экинчи бетин көрсөтүп берген. Болгону башында жанына келген кол чатырды байкабай калганын Айтмамат Назаров өзү дагы түшүндүрүп өткөн.


Өз ишине жооптуу мамиле жасаган жаңы жетекчи бардык аракеттерди мыйзам чегинде алып барарын белгиледи. Жалпы эл анын "Улуттук энергохолдингтин" келечегинин өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничте.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter