20 июня 2019, 13:18

Акаев: Учурунда Атамбаевге бардык каталарын бетине айткам, азыр аны тепкилесем, жигиттикке жатпайт

 

Акаев: Учурунда Атамбаевге бардык каталарын бетине айткам, азыр аны тепкилесем, жигиттикке жатпайт

 

Мен өз учурунда Атамбаевге бардык каталарын бетине айткам, азыр аны тепкилесем, жигиттикке жатпайт. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча маселе каралып жатканда билдирди.

 

"Баарыбыз биригип чабуулду жасасак, ошондо биз накта эл өкүлү миссиясын аткарган болобуз. Журналисттерге доо арызлар учурунда коюлган. Батукаевдин маселесин карап, өзүн чакырсак болмок, бирок ала азыр жок. Орусиялык бир шылуундун көрсөтмөсүнүн негизинде Өмүрбек Текебаев камакта отурат. Биз мындан ары президентти колдойбуз, жардам беребиз десек, жаңы Икрамдарды, Манас Арабаевдерди, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек. Эгер ошондой болсо, парламент чогулуп, элдин талабын ишке ашырганга мүмкүнчүлүк бар",-деди депутат.

 

Белгилей кетсек, 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Алар көтөргөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылды.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
1 комментарий
  • Берлиоз
    странно,когда эти козлы на троне исходят своим дерьмом -- они бяки,а теперь когда многие проклятья в его адрес вот- вот реализуются -- мы за него горой! Да пусть оба ьулут прокляты-- с таким багажом лезть во влачть это одно преступление,но еще большее преступление так называемого народа -- все видеть и попустительствовать если доживете до нашего ренесанса,как будете смотреть внукам в глаза

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter