jump to https://bit.ly/2YXP4q5

Ошто Баткен облустук прокурорунун өлүмү боюнча соттук териштирүү уланды. Ош шаардык сотунда өтүп жаткан отурум тараптардын арасында жаңжал чыккан. Жеринен тартылган видео социалдык тармактарда тараган.

 

Мелис Калыковдун жакындарынын айтымында, сот аларды залдан чыгууну буюрган, ал эми Мамажакыповдун туугандары орундарында калган. Ушундан пикир келишпестик жаралып, каза болгон прокурордун агасы соттолуучунун эжесин жаакка чаап жиберген.

 

Ишти судья Жолборс Кудаяров караган. 17-июнь күнкү отурумда прокурор өлгөн күнү аны менен чогуу болгондор, мамлекеттик кызматкерлер жана бул ишти иликтеген тергөөчүлөр көрсөтмө берди.


Алгачкылардан болуп Баткен облустук прокурорунун мурунку орун басары Арсланбек Байбосунов көрсөтмө берген.

 

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter